Айыл чарба колледжинин студенттери химия олимпиадасында байгелүү орундарды ээледи

2026-05-22 09:12:31 50

Айыл чарба колледжинин студенттери химия олимпиадасында байгелүү орундарды ээледи 2026-жылдын 20-май күнү Айыл чарба колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучусу Даминова Гүльмира Нажиеванын демилгеси менен химия сабагы боюнча олимпиада жогорку деңгээлде уюштурулуп, ага Айыл чарба жана СТЕМ инновациялык колледждеринин 1-курсунун студенттери активдүү катышышты. Билим таймашында Айыл чарба колледжинин студенттери өздөрүнүн мыкты даярдыгын, билимге болгон кызыгуусун жана талыкпаган эмгегин көрсөтүп, байгелүү орундарды багындырышты. 1. ВТс9-1-25 (контракт) агымынын студенти Сагынбеков Нурбол химия сабагы боюнча II орунду ээлеп, II даражадагы диплом менен сыйланды. 2. 1-Агро агымынын студенти Арапов Нуртилек да мыкты жыйынтык көрсөтүп, II орунга ээ болуп, II даражадагы диплом менен сыйланды. 3. ВТс9-1-25 (бюджет) агымынын студенти Момунбеков Усман II орунду камсыздап, II даражадагы дипломго татыктуу болду. Ошондой эле ушул эле агымдын студенти Абдижалилов Баястан III орунду ээлеп, Ардак грамота менен сыйланды. Студенттерибиздин жетишкендиктери — бул алардын билимге болгон умтулуусунун, изденүүсүнүн жана үзүрлүү эмгегинин жыйынтыгы. Жеңүүчүлөрдү жана алардын жетекчилерин чын жүрөктөн куттуктайбыз!