2026-10-05 07:49:06 3
Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде "Менин- сүйүктүү мугалимим" аттуу студенттердин куттуктоо иш чарасы болуп өттү. Окуу жайда эмгектенген алдыңкы окутуучуларга жылуу сөздөрүн айтып, ардактуу кесип ээлерине ийгиликтерди каалашты. Мугалимдин коомдогу орду деген темада окуу жайдын директорунун тарбиялык иштер жана мамлекеттик тил боюнча орун басары М.Зулпукарова кеңири баяндама жасады.