2026-09-15 08:52:54 26
Айыл чарба колледжинде Билим күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш чарага Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты Шарипова Мастура Сайпидиновна катышып, билим күнү менен куттуктады.Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин билим берүү багытындагы максаттары келечеги, жаштардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берди. Студенттер жана окутуучулар жылуу маанай, жарык жүз менен жаңы окуу жылынын башталышын тосуп алышты.