ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Н. Мапаева өткөргөн жыйындагы тапшырмаларды аткаруу боюнча жыйын болуп өттү.

2026-05-29 08:34:40 32

Айыл чарба колледжинде ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Н. Мапаева өткөргөн жыйындагы тапшырмаларды аткаруу боюнча жыйын болуп өттү. Директордун тарбиялык иштер жана мамлекеттик тил боюнча орун басары Зулпукарова Мархабо Исаковна маалымат берди. Окутуучуларга коррупцияга каршымын деген , таза сессия өткөрүү милдети коюлду. Кураторлор жылдык отчетун даярдап, сайтка коюу, студенттер менен тыгыз байланышта иштөө, жыл жыйынтыгы боюнча мыктыларды тактоо маселеси сунушталды. Окумуштуулар кеңешинин стипендиясына сунуш даярдоо боюнча комиссиянын жыйынтыгы тааныштырылды. Окуу жайдын директору П. Тувашев жеткирилген тапшырмаларды аткаруу керектигин айтып, окуу жылын ийгиликтүү аяктоо боюнча тапшырмаларды берди.