2026-05-29 08:28:36 33
2026-жылдын 11-мартында ОшМУнун Айыл чарба коледжинин "Айыл чарбасын электрлештирүү", "Айыл чарбасын механизациялаштыруу", "Агрономия" жана "Ветеринария" адистиктерин даярдоодогу маселелерди жана кемчиликтерди жоюу максатында колледждин директору, орун басарлары жана практика жетекчиси, бөлүм башчы жана ПЦК төрага, төрайымдары, окутуучулары менен стейкхолдерлер жана ата-энелер катышкан тегерек үстөл болуп өттү. Анда окуу стандарттары жана пландары талкууланып, биздин бүтүрүүчүлөр канткенде замандын талабына ылайык компотенттүү адис боло алаары жөнүндө кызуу талкуу болду. Стейкхолдерлер тарабынан практикалардын көлөмүн көбөйтүү жана практикага чыгаруу мезгилине сунуштар берилди ал эми ата-энелер менен студенттердин жүрүм-туруму, тарбиясы боюнча баарлашып, колледж менен тыгыз байланышта болуу үчүн даагы да өбөлгөлөр түзүлдү. Иш берүүчүлөр жогорудагы адистиктер боюнча адис жетишсиздигин билдирип, жумушка орноттуу жаатында жардам берүүгө даяр экенин билдиришти. Жалпысынан жыйын өтө кызуу талкуу менен коштолуп, өз максатына жетти.