2026-05-26 08:25:41 35
Окутуунун сапаты - компетенттүү адистин кепилдиги! Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинин Кесипке багыт берүү ПЦКсынын ветеринария адистигинде 2026-жылдын 30-апрелинде окутуучулардын билим берүү сапатын жогорулатуу жана жаш окутуучуларга колдоо көрсөтүү максатында "Устат - шакирт" иш-чарасы улантылды. Аталган иш-чаранын алкагында ветеринария адистигинин окутуучусу, айыл чарба колледжинин бөлүм башчысы Маматкалыков Пиримкул Маматкалыкович «Айыл чарба жаныбарларынын нодулярдык дерматити» темасында лекция-баяндама жасады. Лекцияда ылаңдын козгогучу, таралуусу, этиологиясы, патогенези, симптомдору, дарылоо жана алдын алуу иш-чаралары боюнча кеңири маалымат берилди. Иш-чарага колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана адистиктин окутуучулары катышты. Талкуу кызуу жүрүп, окутуучулар А. Халмурзаев, М.Исакова жана М.Боронбаевдер суроолорун берип, өз сунуштарын билдиришти. Лекциялык материал студенттерге окуу материал катары колдонууга жана адистиктин окуу материалдар фондуна киргизүүгө сунушталды.