Айыл чарба колледжинин ветеринария адистигинин бүтүрүүчү курс студенттерине ЖАМУнун окутуучулары тарабынан конок лекция уюштурулду

2026-05-22 09:20:11 37

Айыл чарба колледжинин ветеринария адистигинин бүтүрүүчү курс студенттерине ЖАМУнун окутуучулары тарабынан конок лекция уюштурулду 2026-жылдын 20-май күнү Айыл чарба колледжинин бүтүрүүчү курс студенттери үчүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын окутуучулары тарабынан пайдалуу жана мазмундуу конок лекция уюштурулду. Конок лекцияга айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Орозбаев Болотбек Сүйүналиевич, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кафедрасынын улук окутуучусу Масиркулов Эрнстбек Искендербекович жана ветеринария тармагындагы адис Надырбек уулу Эпосбек катышып, студенттерге ветеринария боюнча баалуу заманбап маалыматтарды беришти. Ошондой эле конок лекцияга Айыл чарба колледжинин директорунун окуу боюнча орун басары Мансурова Ч. М. Кесипке багыт берүү ПЦКсынын төрөгасы Халмурзаев А. Н. колледждин бөлүм башчысы Маматкалыков П. М. коледждин практика жетекчиси Сарыева С. Т. ж.б окутуучулар катышты. Лекциянын жүрүшүндө заманбап ветеринардык жабдуулар, ветеринариядагы жаңы хирургиялык дарылоо ыкмалары жана бүгүнкү күндөгү инновациялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалыматтар айтылды. Конок лекция студенттер үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болуп, алар өздөрүн кызыктырган көптөгөн суроолоруна жооп ала алышты. Мындай жолугушуулар студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө жана келечектеги адистикке болгон кызыгуусун арттырууга чоң өбөлгө түзөт.