2026-05-22 07:47:51 34
Ветеринария адистигинин студенттери окуу-таанышуу практика боюнча отчет беришти 2026-жылдын 13-май күнү ОМУнун Айыл чарба колледжинин Кесипке багыт берүү ПЦКсынын Ветеринария адистигинин 2-курс студенттеринин окуу-таанышуу практикасы боюнча отчеттук конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга практика жетекчиси Сарыева С., ПЦК төрагасы Халмурзаев А. Н., бөлүм башчысы Маматкалыков П. М. жана практика жетекчиси Каллиникова А. ж.б. окутуучулар катышты. Студенттер 11-апрелден 25-апрелге чейин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, кесиптик тажрыйба топтошту. Ошондой эле Муратов Б., Абдисалиев О., Асилбеков К. жана башка студенттер Каракол шаарына барып, практика менен таанышып, ийгиликтүү өтөп келишти. Отчеттук конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары менен бөлүшүп, берилген суроолорго жооп беришти. Окуу-таанышуу практика учурунда алган билимдерин ийгиликтүү колдонуу менен өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн арттыра алышты.