Ветеринария адистигинин студенттеринин теориялык билими практика менен бекемделүүдө

2026-05-21 10:54:55 34

Ветеринария адистигинин студенттеринин теориялык билими практика менен бекемделүүдө 2026-жылдын 23-апрелинде ОшМУнун Айыл чарба колледжинин ветеринария адистигинин ВТс 1-25, ВТс 9-1-24 тайпаларынын студенттеринин окуу-таанышуу практикаларынын жүрүшүн көзөмөлдөө максатында колледждин практика жетекчилери — б.и.к. А. Халмурзаев жана окутуучу П. Маматкулов Ноокат районунун аймагында болушту. Алар практиканы өтөө шарттары жана жумуш берүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кызматташуунун жүрүшүн талкуулоо максатында Ноокат райондук ветеринардык, жайыт жана тоют башкармалыгынын эмгек жамааты, ветеринардык лабораториянын адистери жана бир катар жеке ветеринардык ишкерлер менен жолугушуп, пикир алышып, мындан аркы кызматташуунун шарттарын макулдашышты. Ошондой эле райондун Кеңеш жана Кыргыз-Ата айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы бир катар мектептерде профориентациялык иштер жүргүзүлдү. Жумуш берүүчүлөр колледждин биринчи жана экинчи курстарынын окуу-таанышуу практикасынын мөөнөтү кечирээк коюлуп калганын белгилешип, аны кеминде эки жумага эртерээк мөөнөткө жылдырууну сунушташты. Себеби студенттер келген учурда жаныбарлардын ылаңдарын алдын алуу боюнча ветеринардык иш-чаралар негизинен жыйынтыкталып, жумуш көлөмү азайып калганын билдиришти. Иш сапардын жыйынтыгында ОшМУнун жетекчилиги менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда эки тараптуу келишимге кол коюлду.