“Кесипке багыт берүү иш-чарасы”

2026-05-21 10:43:43 36

Бүгүн, 24-апрель 2026-жыл, Айыл чарба колледжинде кесипке багыт берүү боюнча Баткен облусунун, Кадамжай районунун, Айдаркен шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү окуу жайга келишип, окуу жайдын материалдык-техникалык базасын, окуу кабинеттерин көрүп, студенттер жана окутуучулар менен жолугушуп, кеңири маалымат алышты. Конокторду практика жетекчиси Сарыева С.Т. тосуп алып, уюштурду. Таанышуу мезгилинде колледждин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Зулпукарова М.И. окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жана окуу процесси менен кеңири тааныштырды.