“ЖАМУнун окутуучуларынын мобилдүүлүк иш сапары Айыл чарба колледжинде”

2026-05-21 10:18:18 37

“ЖАМУнун окутуучуларынын мобилдүүлүк иш сапары Айыл чарба колледжинде” 2026-жылдын 15-апрелинде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын профессору Орозбаев Б.С., б.и.к., доцент Карипов К.А. жана окутуучулар иш сапары менен Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжине келишти. Конокторду Кесипке багыт берүү ПЦКсынын төрагасы Халмурзаев А.Н. жана колледждин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Зулпукарова М.И. тосуп алышып, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жана окуу процесси менен тааныштырышты. Иш сапардын жүрүшүндө окутуучу Э. Рыскулов QR-коддор аркылуу уйдун анатомиялык түзүлүшүн санариптик форматта көрсөтүп берди. Бул ыкма студенттердин теориялык билимин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырууда натыйжалуу экендиги белгиленди. Ошондой эле коноктор ветеринария лабораториясы менен таанышышты. Мындан тышкары, доцент Карипов К.А. студенттерге «Трихофитиянын козгогучтары» темасында конок лекция окуп, суроо-жооп форматында кызыктуу талкуу болду. Жыйынтыгында, бул мобилдүүлүк иш сапары окуу жайлар ортосундагы кызматташууну чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана ветеринардык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү. Иш сапар тажрыйба алмашууга жана билим сапатын жогорулатууга чоң өбөлгө түздү.