2026-05-21 10:13:33 42
Мобилдүүлүк иш сапары Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинин окутуучулар курамы жана студенттери Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасында илимий-практикалык тажрыйба алмашуу максатында иш сапарда болуп кайтышты. Иш сапардын жүрүшүндө Айыл чарба колледжинин окутуучусу Рыскулбеков Эрболот айыл чарба жаныбарларына жүргүзүлүүчү хирургиялык иш-чаралар тууралуу мазмундуу баяндама жасады. Ошондой эле Жалал-Абад университетинин студенттеринин суроолоруна жооп берип жатып, «Ценуроз» ылаңы менен ооруган койго практикалык мастер-класс көрсөтүп, операция жүргүзүүнүн ыкмалары менен студенттерди кеңири тааныштырды. Мындан тышкары, Айыл чарба колледжинин ВТс 1-25 тайпасынын студенти Омаров Жуманияз жолугушууда учурдагы «Ящур» ылаңынын экономикалык чыгымдары жана алдын алуу жолдору тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле «Кесипке багыт берүү» ПЦКсынын башчысы, б.и.к., доцент А. Халмурзаев «Айыл чарбасындагы менеджмент», колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Зулпукарова М.И. «Учурдагы экология», ал эми окутуучу Боронбаев М.О. «Эхинококкоз» ылаңынын кесепеттери боюнча конок лекцияларын өтүштү. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү. Агрардык-техникалык институттун директору, э.н.д., профессор Карабекова Азиза Баймаматовна конокторго ыраазычылык баракчаларын тапшырып, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалады.