2026-05-21 09:35:52 43
Кесипке багыт берүү ПЦКсында практика боюнча отчеттук конференция өткөрүлдү 2026-жылдын 16-февралынан 14-мартына чейин Айыл чарба колледжинин Кесипке багыт берүү ПЦКсынын ветеринария адистигинин ВТс9-1-24 жана ВТс-1-25 тайпаларынын студенттери окуу-өндүрүштүк практиканы ийгиликтүү өтөп келишти. Практиканын жыйынтыгында отчеттук конференция уюштурулуп, анда студенттер практиканы өтөө учурунда аткарган иштери, алган тажрыйбалары жана өндүрүштүк шарттагы кесиптик көндүмдөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. Ар бир студент өз отчетун презентациялап, практика учурунда кездешкен учурлар, үйрөнгөн жаңы ыкмалар жана кесиптик тажрыйбалары менен бөлүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер суроолорун берип, тиешелүү жоопторду ала алышты. Конференцияга колледждин практика боюнча жетекчиси Сарыева С.Т., Кесипке багыт берүү ПЦКсынын төрагасы, б.и.к., доцент А. Халмурзаев, практика жетекчиси Калинникова Н.П., окутуучулар Маматкалыков П.М., Боронбаев М., Рыскулбеков Э., Сыдык кызы Ы., ошондой эле тарбия иштери боюнча директордун орун басары Зулпукарова М. катышышты.