2026-05-21 08:45:00 39
Окутуунун сапаты - компетенттүү адистин кепилдиги! Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинин Кесипке багыт берүү ПЦКсынын ветеринария адистигинде 2026-жылдын 17-март күнү окутуучулардын билим берүү сапатын жогорулатуу жана жаш окутуучуларга колдоо көрсөтүү максатында "Устат - шакирт" иш-чарасы улантылды. Аталган иш-чаранын алкагында адистиктин тажрыйбалуу окутуучусу Боронбаев Мамат Орозович «Уйлардын гиподерматозу» темасында лекция-баяндама жасады. Лекцияда ылаңдын этиологиясы, патогенези, симптомдору, дарылоо жана алдын алуу иш-чаралары боюнча кеңири маалымат берилди. Иш-чарага колледждин окуу иштери боюнча директордун орун басары жана адистиктин окутуучулары катышты. Талкуу кызуу жүрүп, окутуучулар А. Халмурзаев, Ч. Муратова жана П. Маматкулов суроолорун берип, өз сунуштарын билдиришти. Лекциялык материал студенттерге окуу материал катары колдонууга жана адистиктин окуу материалдар фондуна киргизүүгө сунушталды.