2026-05-21 08:32:03 38
Айыл чарба колледжинин ветеринария адистигинде студенттер арасында илимий кружок өттү Кружоктун максаты: студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, изилдөөчүлүк жөндөмүн арттыруу жана малдын ден соолугун коргоо боюнча билимдерин тереңдетүү. 2026-жылдын 9-март күнү Кесипке багыт берүү ПЦКсынын уюштуруусу менен ветеринария адистигинин студенттери үчүн окутуучу Э. Рыскулбековдун жетекчилиги астында илимий кружок өткөрүлдү. Кружокто төмөнкү студенттер баяндама жасашты: Аманов Азизбек – карасан, Аширалиев Ящур, Омаров Жуманияз – эхинококкоз, Абдисалиев Ороз – сибирь кулгунасы, Асылбеков Куткелди – ценуроз ылаңдарынын келип чыгуу себептери, патогенези, клиникалык белгилери, диагноздоо жолдору, дарылоо жана алдын алуу чаралары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле Таабалдиев Умар, Муратов Бектур, Момунбеков Усман жаныбарларды багуунун жана тоюттандыруунун ветеринардык-санитардык эрежелери тууралуу баяндама жасап беришти. Аталган ылаңдардын алдын алуу, жаныбарларды туура тоюттандыруу, тоют даярдоо жана сактоо эрежелери, ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо менен туура тоюттандыруунун жаныбарлардын иммунитетинин туруктуулугуна тийгизген таасири тууралуу кеңири талкуу жүргүзүлдү. Иш-чарага адистиктин окутуучулары жана студенттери катышып, суроо-жооп жана кызуу талкуу менен өтө кызыктуу аяктады.