2026-05-20 10:20:16 38
йыл чарба колледжинде «Устат–шакирт» алкагында семинар өттү Семинардын максаты — жаш окутуучулардын кесиптик билиминин деңгээлин көтөрүү жана ветеринария адистигинин окутуучулук курамынын билим берүү сапатын жогорулатуу. 2026-жылдын 5-мартында ОшМУнун Айыл чарба колледжинин Кесипке багыт берүү ПЦКсында «Патологиялык процесс: этиологиялык фактордун таасири жана организмдин реакциясы» деген темада илимий-методикалык семинар уюштурулду. Семинарды биология илимдеринин кандидаты, доцент А.Н. Халмурзаев өткөрүп, ага колледждин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары М. Зулпукарова, жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучулары П.О. Жунусалиева, Г. Даминова, ошондой эле ветеринария адистигинин окутуучулары П. Маматкалыков, М. Боронбаев, Ы. Сыдык кызы, Э. Рыскулбеков катышышты. «Устат–шакирт» салтынын алкагында өткөн бул семинар жаш окутуучулар үчүн кесиптик чеберчиликти арттыруу жана билимди тереңдетүү багытында маанилүү болду. Анда патологиялык процесстерди окутуунун заманбап ыкмалары, илимий теорияны практика менен айкалыштыруу жана студенттерге терең билим берүүнүн жолдору талкууланды. Жыйынтыгында катышуучулар кызуу талкуу жүргүзүп, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Жаш окутуучулар семинардын мазмундуулугун белгилеп, алган маалыматтарды окуу процессинде кеңири колдонуу чечимине келишти.