Айыл чарба колледжи “AgroExpo-2026 Кыргызстан” көргөзмөсүнө катышышты.

2026-05-20 10:15:40 40

ОшМУнун Айыл чарба колледжи “AgroExpo-2026 Кыргызстан” көргөзмөсүнө катышты 2026-жылдын 5–6-март күндөрү Ош шаарында өткөн “Agro Expo-2026” эл аралык көргөзмө-жарманкесине ОшМУнун Айыл чарба колледжинин окутуучулары жана студенттери катышышты. Кесипке багыт берүү ПЦКсынын төрагасы А.Н. Халмурзаев Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрине жана Ош шаарынын мэрине колледждин ветеринария адистигиндеги заманбап окуу куралдарынын жетишкендиктери менен тааныштырды. Министр окуу жайдын ишине кызыгуусун билдирип, алдыда колледжге атайын иш сапары менен келип таанышып кетерин белгиледи. Өзгөчө кызыгууну окутуучу Э. Рыскуловдун уйдун анатомиялык түзүлүшүн чагылдырган муляжы жаратты. Ал QR-коддор аркылуу жаныбардын органдары менен сөөктөрүнүн жайгашуусун санариптик форматта көрсөтүп берди. Ошондой эле студенттер Абжамилов Султанмурат, Омаров Жуманияз, Ашимов Орозали электрондук доска аркылуу жаныбарлардын орган системаларын, жаныбарларга диагноз коюу боюнча тесттерди жана жаныбарлардан кан алуу процессин атайын шаймандардын жардамы менен көрсөтүштү. Көргөзмөгө расмий жетекчилер менен катар коңшу мамлекеттердин элчилери жана башка сыйлуу коноктор катышышты.