23-февралга карата окутуучулар арасында бильярд мелдеши өткөрүлдү»

2026-05-20 10:06:20 32

Айыл чарба колледжинде 2026-жылдын 19-февралында 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата окутуучулук курамдын мырзалары арасында бильярд мелдеши өткөрүлдү. Мелдеш 45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогорку курактык топтор боюнча өзүнчө уюштурулду. Жыйынтыгында 45 жашка чейинкилер арасында 1-орунду П. Маматкалыков, 2-орунду Э. Рыскулбеков ээледи. Ал эми 45 жаштан жогорку куракта 1-орунду А.Н. Халмурзаев, 2-орунду Э. Чоноев, 3-орунду С. Кулматов алышты. Мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, жамааттын ынтымагын чыңдоого өбөлгө түздү.