«Айыл чарба колледжинин китепканасы жаңы окуу-методикалык адабияттар менен толукталды»

2026-05-20 10:02:27 41

Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинин китепканасы ветеринария багыты боюнча жаңы окуу-усулдук колдонмолор менен толукталды. Доцент, б.и.к. Халмурзаев Абдирашит Назарбековичтин «Жаныбарларды клиникалык диагностикалоо ыкмалары» жана «Жаныбарлардын ылаңдарына каршы жүргүзүлүүчү иш-чаралар» аттуу усулдук колдонмолору колледждин директору П.З. Тувашев жана колледждин бөлүм башчысы П.М. Маматкалыковдун катышуусунда китепкана башчысы З.Х. Каримовага тапшырылды. Айыл чарба колледжи мындан ары да окуу-методикалык базаны чыңдоого жана студенттер үчүн сапаттуу билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган иштерди улантат. Аталган колдонмолор ветеринария адистигинде окуп жаткан студенттердин практикалык билимдерин тереңдетүүгө жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.