2026-05-20 09:52:27 55
Айыл чарба колледжинде 21-февраль — Эне тилдин эл аралык күнүнө карата “Тилибиз — биздин дилибиз” аттуу адабий-музыкалык кече өттү. Иш-чарада кыргыз, орус, өзбек жана англис тилдеринде тилдин тарыхы тууралуу маалымат берилип, эне тилди сүйүүгө жана сактоого багытталган ырлар жаңырды. Ыр, бий жана көркөм окуулар менен коштолгон иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Иш-чараны уюштурууга директордун тарбия иштери жана кыргыз тили боюнча орун басары М. Зулпукарова, ошондой эле тилчи окутуучулар П. Жунусалиева, А. Касымалиева, Ж. Нурматова жана С. Джумагулова өз салымдарын кошушту.