2026-05-20 09:36:10 35
Айыл чарба колледжинде ветеринария адистигинин студенттери өндүрүштүк практика өтүүгө жөнөтүлдү. 2026-жылдын 12-февралында Айыл чарба колледжинин «Кесипке багыт берүү» ПЦКсында ветеринария адистигинин 2–3-курс студенттерин 2026-жылдын 16-февралынан 21-мартына чейин өндүрүштүк практикадан өтүүгө жөнөтүү боюнча конференция өткөрүлдү. Жыйында студенттерге өндүрүштүк практиканын максаты, милдеттери жана талаптары тууралуу кеңири маалымат берилип, коопсуздук техникасын сактоо, өндүрүштүк тартипти кармануу жана кесиптик этиканы жогорку деңгээлде сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Конференцияга ПЦКнын төрагасы А.Н. Халмурзаев, колледждин практика боюнча жетекчиси Сарыева С.Т. жана «Кесипке багыт берүү» ПЦКсынын ветеринария адистигинин окутуучулары катышып, студенттерге ак жол каалап, практиканы жоопкерчилик менен өтүүгө чакырышты. Жыйынтыгында студенттерге өндүрүштүк практиканы ийгиликтүү өтүп, алган билимдерин иш жүзүндө бекемдөө сунушталды.