«Студенттер үчүн коопсуздук жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы болду»

2026-05-20 09:31:52 35

2026-жылдын 12-февралында Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде Ош ШИИБнин Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнүн ЖИИнин аймактык тескөөчүлөрү — милициянын капитаны Камалова Райкан Абдыразаковна жана милициянын майору Казыбекова Айсулуу Асилбековна студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда зордук-зомбулук, экстремизм жана терроризм темалары боюнча коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле студенттер бул маселе боюнча анкета толтурушуп, өз пикирлерин билдиришти. Жолугушууга окуу жайдын окуу иштери боюнча директордун орун басары Муратова Чолпон Мансуровна, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Зулпукарова Мархабо Исаковна жана кураторлор катышышты.