«Халмурзаев А.Н. С1 деңгээлиндеги сертификатка ээ болду»

2026-05-20 09:04:43 45

Окутуучунун кесиптик деңгээли жогору бааланды Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинин Кесипке багыт берүү ПЦКсынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагынын эмгек сиңирген кызматкери, б.и.к., доцент Халмурзаев Абдирашит Назирбекович Кыргыз Республикасынын «Кыргызтест» мамлекеттик системасы аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоодон ийгиликтүү өтүп, жогорку (С1) деңгээлдеги сертификатка ээ болду. Бул жетишкендик окутуучунун мамлекеттик тилди терең өздөштүргөнүн жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жогорку деңгээлде колдоно аларын далилдейт. Абдирашит Назирбековичти бул маанилүү ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыда дагы жаңы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди каалайбыз.