2026-05-20 09:02:02 52
Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгына арналган иш-чара 2025-жылдын 16-декабрында Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде «Чыңгыз Айтматовдун ветеринар болушу бизди шыктандырат» аттуу таалим-тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Кесипке багыт берүү ПЦКсы тарабынан уюштурулуп, ПЦКнын төрагасы, б.и.к., доцент А.Н. Халмурзаев жана конок катары б.и.к. Жакыпбекова А.Т. жана эколог Досназарова А.Н. катышты. Иш-чараны окутуучулар Абдымомунова Б.А., Сыдык кызы Б. жана Сулайманова Б. алып барышты. Ачылыш сөзүн колледждин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Зулпукарова М.И. сүйлөдү. Ветеринария адистигинин окутуучусу Боронбаев М. Ч. Айтматовдун ветеринардык жолу тууралуу доклад окуп, студенттер Батыров А., Коргонбаев А., Ашимов О. баяндамалар жана слайддар менен катышышты. Студенттер арасында суроо-жооп оюну уюштурулду. Ошондой эле б.и.к. Жакыпбекова А.Т. экологиялык көйгөйлөр боюнча баяндама жасап, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдерден үзүндүлөр көрсөтүлдү. Иш-чара студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттырып, улуу жазуучунун чыгармачылыгын ветеринария тармагы менен байланышта терең түшүнүүгө өбөлгө түздү.