2026-05-20 08:41:58 43
10.12.2025-жылы Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата англис тили жана орус тили окутуучулары тарабынан иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны окутуучулар Джумагулова С.Э. жана Нурматова Ж. уюштуруп, өткөрүштү. Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө студенттер арасында достук карым-катнашты чыңдоо жана маданий активдүүлүктү жогорулатуу максатында Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмоновдун чыгармалары боюнча интеллектуалдык таймаш уюштурулуп, кызыктуу маанайда жыйынтыкталды.