2026-05-20 08:34:56 45
Кыргыз Республикасында 2021–2026-жылдары “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү концепциясынын негизинде “Кыргыз жараны: бүгүнкү күндө кимбиз жана келечекте ким болобуз?” деген темада тегерек стол Айыл чарба колледжинде болуп өттү. Иш-чараны уюштурган — колледждин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары, окутуучу Зулпукарова Мархабо Исаковна. Тегерек столдо төмөнкү темалар боюнча баяндамалар жасалды: 1. “Кыргыз жараны” деген ким? Бүгүнкү күндөгү жарандык түшүнүктүн мааниси — Зулпукарова М.И., колледждин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары, билим берүүнүн мыкты кызматкери. 2. “Кыргыз жараны” концепциясы жөнүндө — Караев Бердикул Калилович, Кыргызстан улуттук ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы. 3. Мыйзам үстөмдүгү, жоопкерчилик жана жарандык активдүүлүк — Абдиев Шумкарбек Кутманович, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын майору. 4. Улуттук иденттүүлүк: аныктамасы, түзүүчү элементтери жана сактоо маселелери — Жунусалиева П.О., колледждин методисти, билим берүүнүн мыкты кызматкери. 5. Глобалдашуунун Кыргызстандын жарандарына тийгизген таасири — Оморов Жуманияз, 1-Вет контракт (11-класс), Жолдошев Адахан — 3-Мех тайпасынын студенти, акыйкатчы. 6. Жаштардын ролу жарандык коомду өнүктүрүүдө: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр — Автандил уулу Нурдоолот, студенттер кеңешинин төрагасы. 7. Маданият жана тил — улуттук иденттүүлүктүн негизи — Касымалиева А.Э., ПЦКнын башчысы. 8. Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө жарандардын салымы — Абдираимова Наргиза, мугалим. Тегерек стол суроо-жооптор менен толукталып, жогорку деңгээлде өттү.