Айыл чарба колледжинин делегациясы Өзбекстандагы техникумдар менен кызматташтыкты чыңдады»

2026-05-20 07:53:01 5

ОшМУнун Айыл чарба колледжинин директору П.З. Тувашев, Кесипке багыт берүү ПЦКсынын төрагасы, б.и.к., доцент А.Н. Халмурзаев, окутуучу М.О. Боронбаев жана окутуучу П.М. Маматкалыковдордон түзүлгөн делегация Өзбекстан Республикасынын Жиззак облусунун Бахмал районундагы 1-техникумунда, Зарбдар районундагы 1 жана 2-техникумдарында, ошондой эле Мырзачөл райондук политехникумунда болуп кайтышты. Иш сапардын жыйынтыгында техникумдар менен кызматташуу боюнча келишимдер түзүлүп, мындан ары тажрыйба алмашуу, сырткы мобилдүүлүк иш-чараларын өткөрүү жана колледждер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле Айыл чарба колледжинин окутуучулары түзүлгөн келишимдердин негизинде иш баштап, конок лекцияларды өтүп, тажрыйба алмашуу иштерин жүзөгө ашырышты. Мындан сырткары, делегация Жиззак облусунда жайгашкан, Өзбекстан мамлекети менен BYD автоунаа компаниясынын биргелешип уюштурган окуу-өндүрүштүк окуу жайында болуп, анын ишмердүүлүгү менен кеңири таанышышты. Жакынкы убактарда аталган окуу жай менен келишим түзүп, тажрыйба алмашуу жана мобилдүүлүк боюнча биргеликте иш алып баруу пландалды.