«Алымбек датканын 225 жылдыгына карата тегерек стол уюштурулду»

2026-05-20 07:35:47 3

025-жылдын 8-декабрь күнү Айыл чарба колледжинде Алымбек датканын 225 жылдыгына карата “Алымбек баскан кан жол – урпактарга кең жол” деген темада студенттер арасында тегерек стол уюштурулду. Тегерек столдун негизги максаты — кыргыз элинин тарыхында өзгөчө из калтырган мамлекеттик жана саясий ишмер, эл башчы Алымбек датканын өмүр жолу, мамлекетти башкаруудагы акылмандыгы жана эл биримдигин чыңдоодогу ролу тууралуу студенттердин тарыхый билимин тереңдетүү, ошондой эле жаштарды патриоттуулукка, тарыхты урматтоого жана мекенчилдикке тарбиялоо болуп эсептелет. Тегерек столго студенттер активдүү катышып, баяндамаларды жасашты. Жогорку деңгээлде даярдалган баяндамалар үчүн ыраазычылык каттар тапшырылып, иш-чара студенттердин суроо-жооптору менен коштолду. Тегерек столго конок-лектор катары келген Индустриалдык-педагогикалык колледжинин “Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдык” ПЦКсынын окутуучулары Телебаев П.А., Кудайбердиев С.А. жана тегерек столду уюштурган Мамитова М.М.га ыраазычылык билдиребиз.