2026-05-20 07:24:01 42
Күз майрамы" иш-чарасына катышышты 2025-жылдын 21-октябрында ОшМУнун Айыл чарба колледжинде салтка айланган "Куз майрамы" жогорку денгээлде жана көтөрунку маанайда откерулду. көргөзмөгө айыл чарбасынын механизациясы, ветеринария, айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу адистигинин студенттери жана кураторлору жана студенттери активдүү катышышты. 1- орунду 2 МЕХ тайпасы куратору Чоноев Э. 2 - орун 1 -Вет тайпасы- куратору Жунусалиева П.О. жана 1 -ЭАС тайпасы, куратору Асан кызы Самара ээ болушту. калган кураторлор Халмурзаев А. Н, Сыдык кызы ., Абдираимова Н., Джумагулова С., Обдунова А., Муратова Ч. активдуу катышышты. Студенттер айыл чарба мөмө-жемиштеринин жана улуттук сут азыктарынын - кымыз, айран, каймак, курт, сары майдын көргөзмөсүн уюштуруп, конокторго даам таттырышты. Кураторлор жана студенттер даярдаган коргөзмө өзүнун эстетикалык кооздугу жана чыгармачылыгы менен өзгөчөлөндү. Майрамга Айыл чарба колледжинин директору П.3. Тувашев жана тарбия иштери боюнча орун басары Зулпукарова М.И. катышып, студенттерге чыгармачыл ийгиликтерди каалашты жана алардын эмгегине жогору баа беришти. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнуктуруу, айыл чарба тармагына болгон кызыгуусун арттыруу жана кыргыз элинин эмгекчил салтын даназалоо болду. Жыйынтыгында "Күз майрамы" студенттерге жагымдуу маанай тартуулап, кесибине болгон суйуусун жана элдик салттарга урмат-сыйын күчөттү.