2026-05-20 07:10:19 3
Айыл чарба колледжинин ветеринария адистигинде мастер-класс откөрүлдү. 2025-жылдын 24-ноябрында ОшМУнун Айыл чарба колледжинин Кесипке багыт берүү ПЦКсынын ветеринария адистигинин Втс-1-25 агымынын лабораториялык сабак учурунда итте кездешуучу базоар оорусун операциялык жол менен дарылоо боюнча студенттердин катышуусунда мастер-класс уюштурулду. Лабораториялык сабакка Айыл чарба колледжинин Кесипке багыт беруу ПКсынын жетекчиси, б.и.к., доцент А. Халмурзаев, хирургия предметинин окутуучулары А. Каллиникова, Э. Рыскулбеков, ошондой эле операция процессине Втс-1-25 агымынан студент Акылбеков Темирбек катышты. Мастер-класс студенттер учун практикалык тажрыйба алмашууга жана хирургиялык ыкмаларды оздөштурүүгө чон мумкунчулук болду.