2026-05-20 06:44:18 45
Айыл чарба колледжинде 1- курстарды студенттикке кабыл алуу иш-чарасы. 2025-жылдын 25-ноябрында ОшМУнун Айыл чарба колледжинде 1-курстардын салттуу "Студенттикке кабыл алуу" аземи салтанаттуу турд өткөрүлдү. Иш- чарага колледждин директоры П.3. Тувашев, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары М. Зулпукарова катышып, жаштар учун маанилуу бул иш-чаранын жүрүшүнө өздөрүнүн каалоо- тилектерин билдиришти. Салтанаттын ачылышына ОшМУнун коомчулук менен байланыш жана жаштар саясаты боюнча проректору, ф.и.к., доцент Мапаева Н.А. атайын конок катары катышып, жылуу сөздөрү менен студенттерге дем берип, аземди расмий турдө ачып беришти. Иш-чаранын журушунде ар бир агым өзүнүн даярдаган концерттик программасын- ыр, бий, сахна көрунуштөрун-көрсөтуп, студенттик жашоонун алгачкы майрамдык кенул каларын тартуулады. Салтанаттын жыйынтыгында агымдардын кураторлору-Халмурзаев А.Н., Муратова Ч., Жунусалиева П., Сыдык кызы Ы. Асан кызы Самара жана башка кураторлор-жаш студенттерди куттуктап, тандаган кесибинде ийгилик жаратуусун, билим жолунда талыкпай изденүүнү тилеп, ак жол каалашты.Өзгөчө даярдыктар менен жободо көрсөтүлгөн бардык талаптарды аткарган улуттук кийимдери менен сахнанын көркүн ачкан 1-ВЕТ тайпасынын П.Жунусалиеванын студенттери болду. Бул азем 1-курстардын жүрөгүндө студенттик жашоонун алгачкы күндөрүн кооз элес катары калтырган маанилуу иш-чара болду.