«Айыл чарба колледжине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Теребаев иш сапары менен келди».

2026-05-19 04:57:23 6

Бугун 24-октябрда Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин терагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Теребаев Бакыт Эргешович иш сапары менен болуп, акыркы уч жылдын ичинде окуу жайга келген жаны техникалар, окуу жабдуулары менен таанышып чыкты. Окуу жай 1932-жылы талаачылыктехникуму болуп тузүлгөн. 2025-жылга чейин Ош айыл чарба техникуму катары таанылган, 93-жылдык тарыхы бар колледжде азыркы убакта агрономия, ветеринария, айыл чарбасын механизациялаштыруу, айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу адистиктери боюнча эл чарбасына керектүү адистерди даярдайт. Бүгүнкү күнгө чейин окуу жайдан билим алып, бүтүргөн 25 минге жакын адистер республикабыздын түрдүү тармактарында эмгектенип келе жатышат. Башкача айтканда окуу жайдан билим алган адистер Кыргызстандын айыл чарбасын кетерууге тагыраак айтканда илимий-техникалык жетишкендиктерди пайдалануу менен есумдуктердун жаны сортторун, жогорку продукциялуу мал чарбасын жайылтууга зор салымдарын кошуп келе жатат. Студенттердин саны заманбап техникалар окуу жайга келгенге чейин -130 болсо, азыркы учурда 250 студент окуп жатат. Анткени бардык адистиктерге тиешелуу болгон заманбап жабдуулар, техникалар студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттырып, сапаттуу билим алууга обелге тузуп жатат.Б. Теребаев студенттер окуп жаткан кабинеттерге кирип, сабактарга катышты. Окутуучулар жана студенттер менен суйлешуп, бир гана студенттерге эмес, дыйкан - фермерлерди окутууга мумкунчулук бар экендигин белгиледи. Окуу жайга Министрлик тарабынан берилген техникалар, мындан ары студенттер жана дыйкан-фермердик чарбалар учун билимин еркундетууге жана айыл чарба тармагын енуктурууге чон обелго тузет. Ошондой эле окуу жайдын жетекчиси Тувашев Полот Зулжалалович Кыргыз республикасынын агро енер жай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата жана айыл чарбасын енуктурууге кошкон салымы учун Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетуу өнөр жай министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланды.