2026-05-19 04:03:26 3
Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде 20- октябрь Агро-өнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата « Калкты экологиялык таза продукция менен камсыз кылуу биздин колубузда» деген тема боюнча тажрыйбалуу Халмурзаев Абдирашид Назирбекович агайдын ветеринария тармагындагы иш тажрыйбасын бөлүшүү боюнча конференция өтүлдү. Программанын уюштуруучусу директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Мархабо Зулпукарова. Конференциянын максаты: Студенттердин кесипке болгон кызыгуусун ойготуу, айыл чарба тармагында болуп жаткан еөзгөрүүлөр проблемалар менен таанышып, аны чечүүнүн жолдору боюнча ой жүгүртүү үчүн өркүндөтүү боюнча доклад окулду. 1. Конференцияны Айыл чарба колледжинин директору Тувашев Полот Зулжалалович ачып берди. 2.Өсүмдүк өстүрүүдөгү алдынкы технологиялар боюнча -докладчы КРнын билим берүүсүүңүн мыкты кызматкери Зулпукарова Мархабо Исаковна. 3. Бруцуллез оорусу менен күрөшүү- докладчы биология илимдеринин кандидаты, доцент, КРнын айыл чарбасына эмгек синирген кызматкер Халмурзаев Абдирашид Назирбекович 4. Кутурма оорусу - докладчылар Втс 1-25 тайпасынын студенттери -Оморов Жуманияз, Маманов Азизбек, Аманов Санжарбек 5. Эхинококкоз оорусу ВТС 1-23 тайпасынын студенттери Абдрахманов Ислам, Жаныбаев Жумадил 6. Мен ез кесибимди билуудегу алгачкы аракеттерим -1 вет тайпасынын студенттери: Батлуков Богдан, Калыбекова Ширин 7. Электр энергиясынын экологияга тийгизген таасири-докладчы 3 эас тайпасынын студенти Автандил уулу Нурдөөлөт 8. Экологиялык коопсуздук -докладчы Хайдаров Исмаил Турдубаевич 9. Айыл чарба машиналары- 3 мех тайпасынын студенти Жолдошев Адахан