2026-05-18 11:13:17 5
Айыл чарба колледжинде ветеринардык адистик боюнча лабораториялык практикалык сабак. Койдун ценуроз оорусуна жана мышыкка операция жасалды 2025- жылдын 23-сентябрь куну ОшМУнун Айыл чарба колледжинин «Ветеринария» адистигиндеги студенттер учун кесиптик дисциплиналар ПЦКсынын кезектеги лабораториялык-практикалык сабак өтүлдү. Лабораториялык-практикалык сабакка кесиптик дисциплиналар ПЦКсынын терагасы б.и.к., доцент, Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагынын эмгек синирген кызматкери Халмурзаев А.Н., ветеринария адистигинин окутуучу Калинникова А., практик дарыгер-ветеринар Рыскулбеков Э., ассистенттер Абдибаитов Б. жана Кадыржанов А. жетекчилиги астында өткөрүлдү. Лабораториялык-практикалык сабактын жүрүшүнө студенттер койдун ценуроз оорусуна операция (трепанация) жана мышыкка стерилизациялоо операциясынын жүргүзүлүшүнө катышышты.Студенттер хирургиялык операциянын этаптарын, оорунун белгилерин аныктоо жана операциядан кийинки кароонун жол-жоболорун практикалык түрдө үйрөнүштү. Мындай сабактар студенттерге теориялык билимдерин терендетүүгө, ветеринардык көндүмдөрүн калыптандырууга жана кесиптик тажрыйбасын арттырууга өбөлгө түзөт.