Устат-шакирт: ОшМУнун иш кагаздары» аттуу иш-чара өткөрүлдү

2026-05-18 10:59:06 3

«Устат-шакирт» аттуу иш-чара 2025-жылдын 15-октябрында Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде окутуучулар үчүн «Устат-шакирт: ОшМУнун иш кагаздары» аттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чарага ОшмУнун STEM инновациялык колледжинин «Профессионалдык дисциплиналар» бөлүмүнүн башчысы Сатыбалдиев Байсал Салиевич жана бөлүмдүн окутуучулары катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Айыл чарба колледжинин кесиптик дисциплиналар ПЦКсынын терагасы, б.и.к. А.Н. Халмурзаев "Устат-шакирт: ОшМУнун иш кагаздары" деген тема боюнча устат катары тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал эми Сатыбалдиев Байсал Салиевич, Абдымомунова Бууниса жана Низамиева Замира иш кагаздарды туура жүргүзүү боюнча пайдалуу маалыматтарды беришип, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Иш-чарага ошондой эле Айыл чарба колледжинин инспектору Жунусалиева П.О., кесиптик дисциплиналар белумунун окутуучулары Каллиникова А., Сыдык кызы ы., Сулайман кызы Б., Маматкалыков П.М. жана башка окутуучулар активдуу катышышты. Бул иш-чараны откоруунун максаты устат менен шакирттин тыгыз кызматташтыгын бекемдеп, окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө чон, өбөлгө түзүү.