2026-05-18 10:48:51 3
«Сен таза болсоң – мен таза болсом, коом да таза болот» аталышындагы ишембилик өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын алкагында Айыл чарба колледжинин окутуучулары жана студенттери колледждин аймагын тазалоо иштерине активдүү катышышты. Ишембилик учурунда айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, тазалыкты сактоо жана экологиялык маданиятты жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлдү. Тазалык – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Таза айлана-чөйрө – дени сак коомдун кепилдиги.