Айыл чарба колледжинде “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик “уңгу жолу концепциясынын негизинде “”Уңгу жолду сактоо-келечектин пайдубалын түптөө” деген темада тегерек стол болуп өттү.

2026-05-18 08:45:43 2

Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгынын негизинде бекитилген “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик “уңгу жолу концепциясынын негизинде “”Уңгу жолду сактоо-келечектин пайдубалын түптөө” деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго педагогика илимдеринин кандидаты, доцент ФБяБТнын кафедрасынын башчысы Байтикова Бактыгүл Батырбековна катышып, окутуучулар, студенттерге кеңири баяндама жасады. Студенттер, окутуучулар өз пикирлерин билдирип, суроо жооптор менен кызуу талкууга алынды. Ошондой эле колледждин директорунун тарбия иштер боюнча орун басары Зулпукарова Мархабо Исаковна, кыргыз тил окутуучусу Касымалиева Айпери, орус тил окутуучусу Нурматова Жибек, англис тил окутуучусу Джумагулова Сабира өз баяндамаларын студенттерге жеткиришти. Окуу жайдын студенттер кеңешинин төрагасы Автандил уулу Нурдөөлөт жана жаш адис Касымалиева Айпери автордук ырларын окуп беришти.